Казакстан Республикасынын улуттук китепканасынын кызматкерлери БААУда
26&Բ;июня&Բ;2026
#китепкана#библиотека#library#AUCA Library

2026-жылдын 17-19-июнь күндөрү Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервация, реставрация жана китепти мукабалоо бөлүмүнүн кызматкерлери эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуу меморандумунун алкагында Борбордук Азиядагы Америка университетине иш сапары менен келишти. Иш чаранын жүрүшүндө кесиптик тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандагы китепканалар жана архивдик мекемелер үчүн семинарлар менен катар китепкана жана архивдик коллекцияларды сактоо боюнча заманбап ыкмаларды талкуулоо үчүн жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
17-июнда Казакстан Улуттук китепканасынын кызматкерлери Чүй облустук китепканасына барышып, китепканадагы фонддор менен таанышкан соң, реставрация жана консервация кызматынын жетекчиси Аида Шоманова китеп фонддорун сактоо боюнча семинар өткөрдү. Ошондой эле 1832-жылкы сейрек китепке консервациялык ыкма көрсөтүлдү. Ошол эле күнү делегация Кыргыз Республикасынан улуттук китепканасына барып, реставрация багытын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
18-июнда коноктор Айтматов институтунун кол жазмалар фондун жана улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасынан «Манас» эпосунун уникалдуу кол жазмалары менен таанышып, айрым материалдарга баштапкы консервациялык жардам көрсөтүлдү.
19-июнда БААУ китепканасында «Китеп мурасын сактоо: китепкана фондун реставрациялоо» аттуу семинар өткөрүлдү. Казакстандын улуттук китепканасынан жана БААУнун адистери теориялык жана практикалык окутууларды жүргүзүшүп, катышуучулар китеп жасоо жана реставрация боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Семинардын жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.
Бул иш-чаралар эки өлкөнүн китепкана адистеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана китеп мурасын сактоо ишин өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.













